Бишкекте дайынсыз жоголгон Санжар Нурлановдун жансыз денеси табылды
Бишкекте дайынсыз жоголгон Санжар Нурлановдун жансыз денеси табылды
4-апрелден бери изделип жаткан 17 жаштагы Санжар Нурлановдун сөөгү табылганын Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер бөлүмү тастыктады.Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, баланын денесинде эч кандай зордук-зомбулук белгилери табылган эмес.
Өлүмдүн так себебин аныктоо максатында тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.Эске салсак, Санжар 4-апрель күнү кечки саат 18:00 чамасында Шабдан Баатыр көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. 6-апрелде апасы милицияга арыз менен кайрылган.
Маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз..