Германияда көчөдө калды делген студенттер боюнча жумушка жиберген компания билдирүү таратты

 

 

Германияда көчөдө калды делген студенттер боюнча жумушка жиберген компания билдирүү таратты

Германиядагы сезондук жумушка барган кыргызстандык студенттердин айланасында жаралган кырдаалга байланыштуу жиберген жеке компания расмий маалымат менен бөлүшүп, абал боюнча түшүндүрдү.

Компаниянын кызматыкери билиргендей, ал жакта 150-200 студент эмес, болгону 80.

"Германиядагы иш берүүчү сезондук жумушу азайганына байланыштуу студенттерди бошотуу чечимин кабыл алганын 20-июлда билдим. 24-июлда ишкерлер менен видеоконференция аркылуу байланыш болот. Ошондо кимдер калары белгилүү болот. Ишин улантууну каалаган студенттер үчүн жаңы жумуш орундарын издөө иштери жүргүзүлүүдө. Ылайыктуу жумушту өз алдынча тапкан студенттерге да керектүү документтерди кайра тариздөөдө жекече жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, студенттердин коопсуздугун камсыздоо жана алардын турак жайсыз калуусуна жол бербөө максатында компания белгилүү бир мөөнөткө жашоо чыгымдарын өз мойнуна алат", -деп билдирди компаниянын өкүлү.

Арча медиа
12:04, 24-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар