Польшада төрөттүн азайышынан улам төрөт бөлүмдөрү жабылууда
Польшада төрөттүн азайышынан улам төрөт бөлүмдөрү жабылууда. Бул тууралуу Интерфакс OKO.press порталынын маалыматына таянып жазды.
Ага ылайык, төрөттөрдүн саны 2010-жылдагы 403 миңден 2025-жылы 238 миңге чейин төмөндөдү.
Төрөттүн азайышы төрөт бөлүмдөрүнүн көбүрөөк жабылышына алып келүүдө. 2025-жылы Польшада 284 төрөт бөлүмү (акушердик жана гинекология) болсо, 2026-жылдын январына карата алардын 18и жабылган. 2024- 2025-жылдары 37 бөлүм жабылган.
Анткени мындай бөлүмдөрдү жаппай кармоо кымбатка туруп, оорукананын бюджетине кошумча жүк түшүрөт деп айтылууда.