Экс-депутат Эмилбек Жусупов 2 айга камалды
Экс-депутат Эмилбек Жусупов 2 айга камалды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Эмаком" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Эмилбек Жусупов 13-августка чейин камакка алынды. Маалыматты бүгүн, 9-июнда Ош облустук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, аны камакка алуу чечимин Ош шаардык соту 5-июнда чыгарган. Жусупов Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталууда.
Эске салсак, Эмилбек Жусупов 2024-жылы да Бишкекте алдамчылыкка шектелип кармалган.