Ошто мектептеги жаңжал боюнча эки кылмыш иши козголду

Ош шаардык милициясы жеке мектептеги мугалим менен окуучунун апасынын ортосундагы пикир келишпестик боюнча эки кылмыш ишин козгогонун билдирди.

9-мартта Оштогу “Юниум” менчик мектептин мугалими милицияга арыз менен кайрылып, 1-класстын окуучусунун апасы ага кол көтөргөнүн билдирген. Ошол эле күнү экинчи тараптан да арыз түшүп, мугалимдин үстүнөн даттануу болгон.

Шаардык милиция окуучунун апасынын күч колдонгону жана мугалимдин окуучуларга ырайымсыз мамиле жасаганы, өз милдеттеринен аша чапкан учурлары болгону аныкталганын билдирди. Бул боюнча видео материалдар алынганын жана сотко өткөрүлүп берилерин тактады.

Мугалимге карата Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси ("Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо"), ал эми окуучунун апасына 280-берененин 1-бөлүгү (“Бейбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

09:09, 06-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар