Муфтият орозонун болжолдуу датасын жарыялады
Муфтият орозонун болжолдуу датасын жарыялады
Кыргызстанда ыйык Орозо айы 2027-жылдын 8-февралында башталышы күтүлүүдө. Муфтияттын билдиргенине караганда, так күнү орозо мезгили жакындаганда жарыяланат.
Буга чейин Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы келе жаткан жылга карата диний даталардын календарын жарыялаган. Ага ылайык, Орозо 8-февралда башталып, Кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнгө туура келет. Ошондой эле, Орозо айт 9-мартка, ал эми Курман айт 16-майдан 18-майга чейинки күндөргө белгиленген.
Акыркы жети жылдын ичинде Кыргызстан менен Казакстанда Орозонун башталуу күндөрү дал келип келген. 2027-жылы да эки өлкөдө орозо бир күндө башталышы ыктымал. Бирок, Муфтият акыркы күнү азырынча тактала электигин белгиледи.