Өлкөдө 2170 мектепте 1,5 миллиондон ашык бала окуйт

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев минкабдын жыйынында окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин киргизүү боюнча демилгени талкууга койду.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, окуучуну бир окуу жайдан экинчисине которуу процесси дагы деле кол жазма режиминде жүргүзүлүп, бул коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзөт.

“Биз ата-энелер көнүп калган биринчи класска электрондук каттоодон ийгиликтүү өттүк. Эми которуулар менен да ушундай тартипти орнотууга убакыт келди. Система класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарышы керек. Бул мектептин администрациясынын жүгүн жеңилдетип, процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кылат”, - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

 

15:06, 26-01-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар