МИК быйыл өлкөдө канча батир берилерин айтты
Мамлекеттик ипотекалык компания быйыл республика боюнча 20 миңден ашык батир берет. Бул туурасында компаниянын Сатуулар башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Келдибеков "Биринчи радионун" обосунда айтты.
Учурда өлкө боюнча 90 миңдей адам кезекте турат.
"Анын 48 миңден ашыгы Бишкек шаарында, аларга болжол менен 6300гө чукул батир берилет. Калгандары аймактарга бөлүштүрүлөт", — деген ал.
Дубандар боюнча бериле турган батирлердин саны:
Чүй облусу боюнча — 3129;
Жалал-Абад облусу боюнча — 3219;
Ысык-Көл облусунда — 2266;
Нарын облусунда — 433;
Талас облусунда — 319;
Ош облусунда — 2912;
Баткен облусунда — 1422.