Түндүк-түштүк альтернативдик жолу ачылды

 

Түндүк-түштүк альтернативдик жолу ачылды

Ал ноябрь айына чейин саат 6:00дөн 20:00гө чейин ачык болот. Жол туристтик сезондо жол тыгынын азайтуу үчүн ачылды. Транспорт министрлиги Көк-Арт туннели аркылуу өтүү үчүн 100 сомдон 5000 сомго чейин акы алынарын эскертет. Эми Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин алты саатта — мурдагыдан эки эсе тезирээк жетүүгө болот.

Кышында таш кулоодон улам жол жабылат. Эстакадалык өтмөктөрдүн жана кар көчкүсүнө каршы галереялардын курулушу уланууда. Жол 2028-жылы толук ишке кириши күтүлүүдө.

Арча медиа
14:12, 01-06-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар