Камчыбек Ташиев элге кайрылуу жасады

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин элге кайрылуу таратты. Ал ден соолугуна байланыштуу президенттин уруксаты менен Германияга текшерилүүгө кеткенин, жумуштан бошотуу чечими күтүүсүз болгонун айтты.

Ошол эле учурда Ташиев президенттин чечимин аткаруу милдет экенин белгилеп, мамлекетке жана элге ак кызмат өтөгөнүнө сыймыктанарын билдирди. Ал УКМКнын жеке курамына ыраазычылык айтып, коштошууга мүмкүнчүлүк болбогонуна өкүнүчүн жашырган жок.

Мурдагы УКМК төрагасы өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болушу үчүн жарандарды мыйзамды сактоого жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды.

08:39, 11-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар