Мэрия "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды буза баштады
Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштар буздурулуп жатат. Ишти мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жүргүзүүдө. Мэриянын Фейсбуктагы баракчасында курулушту бузуу учуру түз ободо жарыяланды. Андан калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү курулушту тезинен бузуп, материалдарын ээсине акт менен берүүнү тапшырып жатканын көрүүгө болот.
"Өз алдынча бузуп алуусуна үч күн убакыт бергенбиз. Ар кайсы шылтоону айтып, убактысында бузушкан жок. Биз айткан сөзүбүзгө туруп, өзүбүз бузуп баштадык. Эгер бүгүн кечке чейин сүрдүрүлгөн материалдарын алып кетпесе, айып кампасына алып кетебиз", - деди мэр.
Жунушалиев 19-февралда "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш иштерин текшерген. Шаар башчысы жаңы курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгилеп, ээсине үч күн ичинде демонтаж иштерин баштоону тапшырган, эгер баштабаса, курулушту мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бузарын, алардын чыгымдарын толугу менен компания төлөрүн эскерткен.