Атайын кызмат ИИМдин үч кызматкерин кармады

ИИМдин үч кызматкери шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча кармалганын УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, аталган кылмышка шектелип Свердлов РИИБинин лейтенанты А.у.К., милициянын лейтенанты К.А.Т. жана милициянын капитаны К.М.К. кармалган.

Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү ("Башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү") боюнча иш козголуп, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

12:12, 17-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар