Минкаб: күйүүчү майдын запасы жыл аягына чейин толук жетет
Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында маалым болду.
Анда белгиленгендей, бүгүнкү күндө өлкөдө АИ-92, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель майынын жана автоунаалар үчүн суюлтулган газдын зарыл көлөмдөгү запасы камсыздалган.
Ошондой эле күйүүчү майды импорттогон жана саткан компанияларга субсидия берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 11,389 миллиард сомдон ашык каражат каралганы, учурда анын 2,623 миллиард сомдон ашыгы бөлүнгөнү айтылды.
Талкуунун жыйынтыгында өкмөт башчы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана компанияларга бир катар тапшырмаларды берди:
күйүүчү майды өлкөгө үзгүлтүксүз ташып келүүнү камсыздоо;
чек арадагы логистикалык маселелерди ыкчам чечүү жана жаңы жеткирүүчүлөрдү табуу;
иштеп жаткан мунай иштетүүчү заводдорду модернизациялоону жана жаңыларын куруу долбоорлорун тездетүү.