Алмазбек Акматалиев Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректорлугунан бошотулду
КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору алмашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Калчакеева Айгүл Муратовна президентке караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды.