Прокуратура "УКМКда кыйноого кабылдым" деген ишкердин арызы боюнча иш козгоду
Аскер прокуратурасы Акыйкатчы институтунун кайрылуусунан кийин ишкердин арызы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 20-майда омбудсмендин кеңсеси кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 20-апрелде акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жеке ишкерди (Р.Ч.) кабыл алган. Ишкер ушул жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ага каршы кылмыш ишин козгогонун, атайын кызматтын имаратында сурак учурунда 9 кызматкер сабап, кабыргасы сынганын айткан.
Ишкер УКМКнын кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок прокуратура анын ден соолугуна келтирилген залал боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок деген негизде иш козгоодон баш тарткан.
Акыйкатчы Башкы прокуратурадан ишкердин арызы боюнча буга чейин кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу сунушу менен кат жөнөтүп, 18-майда Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (“Дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатат.
10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Атайын кызматтын башчысы алмашкандан кийин айрым ишкерлер убагында УКМКнын басым-кысымына кабылганын, бизнесин тарттырып жибергенин айтып чыгышкан.
Садыр Жапаров 11-мартта парламентте билдирүү жасап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасы берилгенин айткан.