Үч министр кызматтан алынып, ордуна милдетин аткаруучулар дайындалды

Президент Садыр Жапаров үч министрди кызматтан алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев кызматтан кетти.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин Урматбек Шамырканов аткармай болду. Талантбек Солтобаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине келди.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматын убактылуу Акыл Токтобаев аткарып турмакчы.

Аталган жетекчилердин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

13:33, 16-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар