Камчыбек Ташиевдин иши. Соттук отурум жылдырылды

Камчыбек Ташиевдин иши. Соттук отурум жылдырылды

Бүгүн, 21-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда коомчулукта “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча сот отуруму кийинкиге жылды. 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов соттун жылып кетишине райондук соттун баштапкы соттук угуу боюнча токтомуна каршы жактоочулар Бишкек шаардык сотуна арыз жазганы себеп болгонун айтты. 

Андан тышкары айрым шектүүлөр менен адвокаттар кылмыш ишинин материалдары менен толук таанышып бүтө электигин кошумчалады.

“Камчыбек Ташиев сотко сөзсүз келет. Сот бүгүн болбойт ошондуктан келген жок”, - деди ал.

Арча медиа
11:45, 21-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар