УКМК 5 кг синтетикалык баңгизат менен казак жаранын кармады
Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-февралда Казакстандын жараны салмагы 5 кг болгон "Альфа ПВП" синтетикалык баңгизаты менен кармалган.
Ал учурда УКМКнын тергөө абагына камакка алынып, баңгизат каналынын уюштуруучуларын аныктоого багытталган кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошондой эле өндүрүү, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасына тартылаарын эске салат.