Бишкекте автобус алты унааны сүзүп, төрт адам жабыркады
Бишкек шаарында №38 каттамдагы автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, төрт адам жабыркады. Алдын ала маалымат боюнча, автобустун айдоочусу мас абалында болгон.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, Zongtong автобусу Чүй проспекти менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишинде Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord менен кагышкан.
Окуянын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Алардын экөөнүн мээси чайкалып, дагы экөө моюн менен көкүрөктөн жаракат алган. Тергөө уланууда.