Бишкекте эртеңден тарта түнкү автобустар каттай баштайт
Бишкекте түнкү автобустардын жол киреси — накталай эмес 70 сом, накталай 90 сом болот. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, муниципалитет эртеңден баштап 6 маршрут боюнча автобустарды чыгарып, текшерип көрмөй болууда.
Ал эми "Бишкек шаардык транспорт" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров элде тандоо укугу болушу керектигин айтып, түнкү каттамдарга накталай төлөм калтырылганын билдирди.
"Бул маселе шаардык кеңеште каралды. Жарандардын тандоо укугун чектөө Баш мыйзамга каршы келет экен. Ал эми күндүз накталай төлөмдү аялдамалардагы, дүкөндөрдөгү терминалдар аркылуу төлөп жатышат", — деди жетекчи.