Рекорддук жыйынтык: ИДП 1,4 трлн сомго жетип, өсүү 10%дан ашты
Жылдын башынан тартып ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10 %дан жогору болуп келе жатат, бул мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясаттын туура жана натыйжалуу багытта экенин далилдеп турат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы аппараттык жыйында билдирди.
2025-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн 427,3 млрд сомду түздү. ИДПнын реалдуу өсүү темпи 10,0 %ды түздү. Өсүшкө бардык тармактар өзүнүн салымын кошууда. Курулуш сектору 27,7 %га, кызмат көрсөтүүлөр 8,8 %га, айыл чарба 2 %га өстү. Өнөр жай тармагында өсүш 9,9 %ды түздү. Айрыкча фармацевтикада өсүш 2 эсеге, тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 33,6 %га, резина, желим буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүдө – 33,8 %га, химиялык продукциялары – 19,6 %га, текстиль, кийим-кече өндүрүүдө – 9,4 %га, ошондой эле пайдалуу кендерди казууда – 17,1 %га. Бул жакшы көрүнүш.
10 айдын жыйынтыгы боюнча негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 246,7 млрд сомду түзүп, 18,9 %га өстү. Негизги капиталга инвестициялардын 29 пайызы же 71,1 млрд сом республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге көп – былтыры 26,8 млрд сом болчу.