Ипотека төлөөдө 230 миң сомго чейин кайра кайтарып алса болот
Ипотека төлөөдө 230 миң сомго чейин кайра кайтарып алса болот
Расмий иштеген жана киреше салыгын төлөгөн Кыргызстандын жарандары ипотека аркылуу турак жай сатып алууда же курууда мүлк салыгынын бир бөлүгүн ала алышат. Бул тууралуу «Салык Сервис» мекемесинен билдиришти. Кызматтан түшүндүрүшкөндөй, мүлк салыгын кемитүүнүн максималдуу өлчөмү жылына 230 миң сомго чейин түзөт.
Салыкты кемитүү укугу ипотекалык насыя боюнча пайыз төлөөдө келип чыгат. Акча алуу үчүн тиешелүү документтердин топтому менен аймактык салык органына кайрылуу зарыл.
Мисалы, эгер жаран бир жыл ичинде ипотека боюнча 120 миң сом пайыз төлөгөн болсо, анда кайтарылып берилүүчү сумма 12 миң сомго жакын болушу мүмкүн. Мында сумма төлөнгөн киреше салыгын эске алуу менен атайын формула боюнча эсептелет.Мүлк салыгын кемитүү мамлекеттик ипотекалык программаларга гана тиешелүү эмес. Аны Кыргызстанда иштеп жаткан башка ипотекалык программалар боюнча да алууга болот.