ЖКда өзүн-өзү таркатуу боюнча 30дан ашык депутаттан кол чогултулду
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча 32 депутаттан кол чогултулду.
Эми демилге көтөрө турган депутаттык топ маселени парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынына алып чыгып, колдоо тапса сессияда каралат.
Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңешти таркатуу тууралуу демилгеге кол койбогонун, парламент кийинки жумада өзүн-өзү таркатуу ыктымалдуулугу жогору экенин айтып, айрым саясатчылар шайлоо кампаниясына даярдык баштаганын кошумчалады.
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу демилгесин депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси же бери дегенде 60тан ашык депутат колдошу керек. Эгерде өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынса, парламент таркаган күндөн тартып беш күн ичинде президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы шайланып келген. Анын курамы 90 депутаттан туруп, “Ата Журт-Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ыйман нуру” партияларынын тизмеси менен жана 36 бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар түзөт. Мыйзам боюнча парламентке кезектеги шайлоо 2026-жылдын ноябрь айында өтүшү керек.
Парламенттеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев 1-сентябрда “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү колдой турганын айткан.
Буга удаа эле Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (БШК) Тынчтыкбек Шайназаров да эгерде Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуу чечимин кабыл алса, Боршайком ушул жылы мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирген.