БШК Мирлан Жээнчороевге мандат берди

 

 

БШК Мирлан Жээнчороевге мандат берди

Борбордук шайлоо комиссиясы 16-апрелдеги отурумунда Бишкектеги №21 округдан Мирлан Жээнчороевге мандат берди. 

Буга чейин Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин алуу боюнча арыз жазып, Боршайком аны канааттандырган.

46 жаштагы Мирлан Жээнчороев Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылында туулган. 2002-жылы Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

2012-жылы “Республика” фракциясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. 2015-жылы “Республика - Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

16:24, 16-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар