Президент экс-төрага макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун артка кайтарды

Садыр Жапаров экс-спикер статусун берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун парламентке кайтарды.

Документте Конституцияда экс-президент гана каралып, экс-төрага статусу каралбаганы айтылган.

"Мыйзам долбоору кабыл алынса башка мекемелер да мурдагы жетекчилерине статус жана артыкчылык сурай баштайт. Мындан тышкары, мыйзам республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылат. 2026–2027-жылдарга мындай чыгымдар каралган эмес", — деп белгиленген документте.

Мыйзам долбоору экс-төрага статусун аныктап, ага жана анын жубайына кошумча артыкчылыктарды берүүнү караган.

 

14:14, 02-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар