Унааны эвакуациялоо тартибин өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) туура эмес жерге токтотулган унааларды эвакуациялоо жана айып токтотмолорунда кармоо, дөңгөлөк бөгөттөгүчтөрдү колдонуу жоболорун өзгөртүүнү сунуштоодо. Министрликтин сунушу Министрлер кабинетинин “Транспорт каражатын мажбурлап эвакуациялоонун, аны адистештирилген токтотуучу жайга жайгаштыруунун, сактоонун жана дөңгөлөктөргө блокираторлорду же жабдыктардын башка түрлөрүн колдонуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору катары коомдук талкууга коюлду.

Токтом долбоору унааны кайсы учурда айып токтотмого күчтөп алып кетүү учурларын тактайт. Ага ылайык темир жол, туннел, көпүрө, эстакадалык көпүрөдө, жөө өтмөктөрдө, кыймыл чектелген жерлерге токтотулган, ошондой эле жол кырсыгына кабылган унаалар мажбурлап эвакуацияланат.

Мындан тышкары атайын кызматтардын унааларына, коммуналдык техниканын, коомдук транспорттун кыймылына жолтоо кылса, майыптыгы бар адамдардын унаасына арналган токтотмолорду ээлеп алса, тротуарларды, пандустарды тосуп коюлса мажбурлап эвакуацияланат.

Токтом долбоору ошондой эле айдоочу унаа башкаруудан четтетилген учурда да машинени айып токтотмого киргизүүнү жөнгө салат. Бул айдоочу эгер унааны тиешелүү документтери жок, мас абалында, мамлекеттик номуру жок же жасалма номур менен айдап журсө, айып пулдары 30 жолкудан ашык учурда төлөнбөсө, унаасы менен ээнбаштык кылса жана башка мыйзам менен каралган бузуулар учурунда колдонулат.

Токтом долбоорлорунда мындан тышкары айып токтотмолордо жылдап турган, ээси жок унаалардын маселесин чечүү да каралган. Долбоордо жазылгандай, ушул тапта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККББ) айып токтотмолорунда 588 унаа ээсиз турат. Алардын эң эскиси - 1997-жылдан бери айып токтотмодо турат. ИИМ бул унаалардын басымдуу бөлүгү жол кырсыгына кабылган унаалар экенин белгилеп, аларды металл катары утилизациялоону сунуштоодо.

Кыргызстанда автоунааларды мажбурлап ташып кетүү кызматын тендерден утуп алган жеке фирмалар ишке ашырат. Автоунааны эвакуациялоонун чыгымын эреже бузган транспорт ээси төлөйт.

 

11:18, 11-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар