Трамп Пхеньян менен Сеулдун саммитин өткөрүүнү сунуштады
АКШ лидери Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен жолугушуусунда Түштүк Коеря жана Түндүк Кореянын саммитин өткөрүүнү сунуш кылды.
"Өткөн эки саммиттен кийин биз абдан достук мамиледе болуп калдык... Эгер Хиллари Клинтон шайлоодо утуп чыкса, мындай болмок эмес, кырсык тоорумак. Бирок Түндүк менен Түштүк багыты боюнча бир нерсе кыла алабыз деп ойлойбуз. Менимче, сиз бул жаатта Түштүк Кореянын мен иштешкен башка лидерлерине караганда алда канча даярсыз. Биз бул боюнча иш алып барабыз", — деген Трамп жолугушууда.
Ак үйдүн башчысы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен келечекте жолугууга ниет кылган.
"Мен көп киши менен жолугам. Айтыш кыйын, бирок быйыл аны (Ким Чен Ын - ред.) менен жолугууну каалаар элем", — деген Трамп.