УКМК: баңгизаттарды жүгүртүүгө тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган адамдын үйүндө жана тиешелүү жайларда тинтүү жүргүзүлүп, гашиш табылган. Ошондой эле маңзаттарды сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акча алынган.

Шектүү соттун чечими менен эки айга тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

13:57, 08-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар