Украинадагы фронтто Starlink 2,5 саатка өчүп калды
Украинадагы фронтто Starlink 2,5 саатка өчүп калды
Украинадагы фронттун бүт узундугунда Starlink спутниктери 2,5 саатка иштебей калды. Бул тууралуу Украин куралдуу күчтөрүнүн дрондук системалар боюнча командачысы Роберт Бровди билдирди.
Анын айтымында, байланыш толугу менен үзүлүп, бул убакыт аралыгында “согуштук иштер трансляциясыз жүргүзүлгөн”. Спутник кызматы кийин калыбына келди.
Бровди бул окуядан кийин байланыш каналдарын диверсификациялоону сунуштады. Starlink компаниясынын башчысы Илон Маск бул үчүн кечирим сураган.