Кулубаев ШКУ саммитинде кабыл алынган негизги документтерди атады
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин жыйынтыгында жалпы 28 документ кабыл алынды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев алардын ичинен негизги үчөөнү атады.
Алардын бири — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык маселелер боюнча жалпы позициялары чагылдырылган.
Ошондой эле мамлекет башчылары ШКУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документ уюмдун ишин натыйжалуу жана ийкемдүү жүргүзүүгө укуктук негиз түзөт.
Мындан тышкары, коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган документтер кабыл алынды. Алардын алкагында Ташкентте Коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбордун, Душанбеде ШКУнун Баңгизатка каршы борборунун ишин жөнгө салган жоболор бекитилди.