Итке таланган баланын абалы туруктуу экени маалымдалды

Ит талагандан кийин ооруканага жеткирилип, башына операция жасалган баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бала азырынча реанимацияда экенин, кечээ өзүнө келгенин, тамак жеп калганын 3-апрелде "Азаттыкка" атасы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 2-апрель күнү министр Дамир Осмонов Балдардын шаардык тез жардам ооруканасына барып, баланын абалынан кабар алды. Анын дарылануусун толук көзөмөлгө алууну тапшырып, зарыл болсо кошумча ресурс жана адис дарыгерлерди тартууну улантууну тапшырды. Ошондой эле бала толук сакайып чыкканча бардык медициналык жардам менен камсыз болорун белгиледи.

Окуя Бишкектин Калыс-Ордо конушунда 1-апрель күнү болгон. Алты жашар бала аянтчада ойноп жаткан учурда коңшу короодон чыккан үч иттин таландысында калган. Кошуналар жардам көрсөтүп, аны милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Бала дароо ооруканага жеткирилип, операция жасалган.

Баштапкы маалымат боюнча, иттер кожоюндары жок учурда короодо бош жүргөн.

Саламаттык сактоо министрлиги баланын операциядан кийинки абалы туруктуу оор экенин маалымдаган. Учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө, тийиштүү адистердин катышуусунда бир нече жолу консилиум болгону кабарланган.

 

11:11, 03-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар