Соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалым кат электрондук түрдө гана берилет

Ушул жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн бардык аймактарында адамдын соттуулу бар же жок экендиги тууралуу маалым катты кагаз түрүндө берүү токтотулган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, эми маалым катты алуу Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук түрдө гана жүргүзүлөт.

Соттолбогон тууралу маалым катты онлайн түрүндө кантип алса болот?

1. Биринчи кадам Tunduk уюлдук тиркемесин ачыңыз же Tundukтун сайттына кириңиз, бул жерден “Маалымкаттар жана көчүрмөлөр” бөлүмүн табасыз;
2. Андан соң «Соттолбогон тууралуу маалымкат» пунктун табып аны тандаңыз;
3. Андан кийин «Документ берүү» баскычын тандашыңыз керек,
4. Эгерде аты жөнүңүздү өзгөрөткөн болсоңуз, аны тиешелүү формага толтурасыз;
5.Форманы толтургандан кийин «Жөнөтүү» баскычын басыңыз;
6. Андан кийин ылайыктуу төлөм ыкмасын тандап, кызматтын акысын төлөңүз;
7. “Тастыктоо” кодун терип, тасыктоо баскычын басыныз;
8. Сиздин өтүнүчүнүз ийгиликтүү жиберилгенден кийин, маалымкаттыныз даяр болгон күнү көрсөтүлөт;
9. Маалымат даяр болгондон кийин ал сиздин жеке бөлмөңзгө келип түшөт. Билдирүү электрондук почтага же телеграмм номериңизге кабарлоо менен келет.

Мындан тышкары, ИИМдин “Бирдиктүү терезеси” аркылуу расмий документтерди күбөлөндүрүү башкача айтканда (апостилдөө) мүмкүнчүлүгү бар. Апостиль — бул расмий документти чет өлкөдө таанылышы үчүн ырастаган атайын мөөр. Ал документти кошумча текшерүүсүз Конвенцияга кирген мамлекеттерде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми, Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугу жөнүндө маалым каттын жарактуулугун төмөндөгү шилтеме аркылуу текшерүүгө болот: https://e.mvd.kg/verify/record

ИИМ жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Кыргызстандын ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө «Бирдиктүү терезе» режиминдеги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору жана пункттары ачылганын билдирди.

 

10:51, 10-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар