Экс-премьер-министр Абылгазиев “75чилердин катына” кол койгонун айтты
22-июнда “75чилердин иши” боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотуна күбө катары көрсөтмө берүү үчүн мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев келди. Ал президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу “75чилердин катына” кол койгонун ырастап, бирок анын маани-мазмуну жана максаты эмне болгону боюнча суроого жооп берген жок.
Ушул күндөрү “75чилердин иши” боюнча соттук жараян уланууда. 22-июндагы отурумда мамлекеттик айыптоочулар сотто жашыруун күбөлөр көрсөтмө бере баштарын негиз кылып, сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн берди. Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров өтүнүчтү колдоп, сот жабык уланууда.
Буга чейинки соттук жараяндарда экс-премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу да сотто көрсөтмө берген. Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын аты-жөнү бар.
Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте.
Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.