Балыкчыдагы пляжга Зевс менен Нептун конду
Балыкчыдагы пляжга Зевс менен Нептун конду
Green City коомдук пляжында күтүүсүздөн эки ири айкел пайда болду. Байыркы грек кудайлары — Зевс менен Нептун эми көл жээгинде туристтерди тосуп алышууда.
Кайдан жана ким орноткону белгисиз. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, айкелдер июнь башында эле коюлган. Көпчүлүк эс алуучулар бул көрүнүшкө таң калышууда.