Бишкекте аялына тынчтык бербей, чуу чыгарган жолдошу кармалды
Бишкекте аялына тынчтык бербей, чуу чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришкендей, милицияга анын жубайы кайрылып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Маалыматка ылайык, 24-сентябрда Ч.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 16:20 чамасында жолдошу мас абалында оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, тынчтык бербей жатканын жана кошунасынын дарбазасынын кармагычын сындырып салганын билдирген.
Аталган маалымат Тергөө кызматында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери 1996-жылы туулган Г.А. аттуу жаранды аныктап, Укук бузуулар кодексинин 70-беренесине (Үй-бүлөлүк зомбулук) ылайык протокол түзүп, камакка алды. Бүгүн, 25-сентябрда Биринчи Май райондук соту бөгөт чарасын аныктайт.