Чыңгыз Айдарбеков БШКдан депутаттык мандат берүүнү талап кылды
Чыңгыз Айдарбеков БШКдан депутаттык мандат берүүнү талап кылды
Жогорку Кеңештин депутаттыгына Бишкектеги №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков ага мандат берүүнү талап кылып Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырганын билдирди. Ал Куванычбек Конгантиев мандатынан ажыратылгандан бери бир айдан ашык убакыт өткөнүн, бирок Боршайком мандат боюнча ага бир да жолу расмий жооп бербегенин кошумчалады.
Эске салсак, №21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган.
Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.