Чүйдө жаш балага ВИЧ жуккан. Министрликтин түшүндүрмөсү

Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган бөбөк катталганын тастыктады. Окуя тууралуу кечээ депутат Элдар Абакиров ЖК жыйынында айткан соң маалым болгон.

Бул боюнча 12 адистен турган комиссия түзүлүп, министрлик төмөнкүлөрдү билдирди:

бала 2020-жылы күйүк алып, дарыгерлерге кайрылган. Андан кийин 4,5 жылдан бери ар кайсы ооруканаларга кайрылып келген. ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы 2024-жылы аныкталган;

медициналык документтер, бала барган ооруканаларда колдонулган каражаттар текшерилген. Бөбөк менен байланышта болгон 600 адам текшерилип, ВИЧ эч кимден чыккан эмес;

тилекке каршы, 2020-жылы бөбөк менен кошо дарыланган беш бала пандемия маалында чарчап калгандыктан аларды текшерүүгө мүмкүн болгон эмес. Ошол эле маалда ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо алардын маалыматы жок;

комиссия ВИЧ-инфекция бөбөккө ийне сайган маалда дагы жугуп калышы мүмкүн деген божомолду койду.

Ал учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат, абалы канааттандырарлык.

15:03, 29-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар