Бишкекте бүгүндөн тарта №227 автобус каттай баштады

 

Бишкекте бүгүндөн тарта №227 автобус каттай баштады

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин бул каттамда кичи автобус иштеп келген.

Автобус “Ак-Ордо” конушунан жана Көк-Жар конушуна чейин каттайт. Бул линияда 20 автобус, тейлөө аралыгы 8-10 мүнөттү түзөт.

«Коомдук транспорттун кыймылын “Менин шаарым” мобилдик тиркемесинде көзөмөлдөй аласыз. Алардын ар бири GPS трекери жана накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн валидаторлор менен жабдылган», — деп айтылат.

Белгилей кетсек, бара-бара бардык кичи автобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

14:38, 15-05-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар