Жеңиш чокусунда бир альпинист каза болду

Жеңиш чокусунда бир альпинист каза болду

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жеңиш чокусу районунда италиялык альпинист каза болду. Дагы эки чет элдик альпинистердин абалы оор. Вертолет Ми-8 эвакуация үчүн учуп кетти.

Буга чейин Коргоо министрлигинин тик учагы Жеңиш чокусуна катуу конгонун министрлик маалымдаган.

МИ — 8 альпинисттерди эвакуациялоо үчүн учуп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча алардын арасында каза болгон — Италиядан келген турист бар. Дагы эки альпинисттин — Россиядан жана Германиядан келгендердин абалы оор.

Министрлик куткаруу иштерин улантууда жана өздүк курамдын коопсуздугун камсыз кылуу жана эвакуациялоо иш-чараларын аяктоо үчүн чараларды көрүүдө.

08:56, 18-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар