Депутат Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшырууну чечти. Борбордук шайлоо комиссиясы анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт.

Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңешке «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп шайланган.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупциялык ишинде Абдыбахап Боронбаевдин аты аралашкан. УКМКнын маалыматы боюнча, Боронбаев жана Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы башчысы Нурлан Ражабалиев коррупцияга айыпталган.

15:39, 14-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар