Мамлекетке өткөн " Баткен - Комфорт" базары сатылды

2024-жылдын январь айында акцияларынын контролдук пакети (64,38 пайызы) мамлекетке өткөн «Баткен-Комфорт» базары аукциондо сатылды. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги ырастап, бирок кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Белгилей кетсек, соода жайы май айында аукционго коюлуп, 29-майга белгиленген сатык өтпөй калган. Ага катышууга бир гана жаран арыз берген. Агенттик июнда кайра сатууга чыгарган. Базар (баштапкы баа) 422 миллион 775 миң сомго бааланган.

Айрым маалыматтарга караганда, «Баткен-Комфортту» мурдагы ээлери кайра сатып алышкан.

Белгилей кетсек, базар жыл башына чейин толугу менен мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге жана анын бир туугандарына таандык болуп келген. Мамлекетке өтпөй калган 35,62 пайызы Аскарбек Шадиевдин аялы Асел Шадиевага катталгандыгы кабарланган.

16:59, 08-07-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар