Саламаттык сактоо министринин милдетин Эркин Чечейбаев аткарат
Саламаттык сактоо министринин милдетин Эркин Чечейбаев аткарат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
51 жаштагы Эркин Чечейбаев саламаттык сактоо министринин орун басары — башкы санитардык врач кызматын аркалаган.
Ал эми министрлик кызматты ээлеп турган Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн өз арызы менен иштен кеткен.