Депутат Төрөбаевге: Айыл чарба министрлигине келишиңиз менен алма-өрүк гүлдөп кетти (Видео)
Депутат Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин 1-февралындагы жалпы жыйынында Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевге оң баа берди.
Ал эми Акылбек Түмөнбаев Бакыт Төрөбаев бул кызматка дайындалып жатканда күмөн санаганын билдирген.
“Сизди бул кызматка сунуштаганда кесиптештеримдин бири сизди “Татыктуулардын татыктуусусуз, татыктуу кызматка бара жатасыз” деп айткан эле. Бирок, мен күмөн санагам. Эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары да, Айыл чарба министри катары да эки милдетиңизди мыкты аткарып жатканыңызды көрүп турам. Сиздин келишиңиз менен алма-өрүк гүлдөп кетти”-деди Түмөнбаев