Кыргызстанда жыл башынан бери 1,5 миңден ашык айыл чарба техникасы лизингге берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 4 млрд 146 млн 125 миң 243 сомго 1 миң 540 техника лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тракторлор – 318 даана;

- комбайндар – 24 даана;

- кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар – 3 даана;

- айыл чарба машиналары – 455 даана;

- спецтехника – 619 даана;

- унаа каражаттары – 2 даана;

- чиркелүүчү техникалар - 119 даана.

10:31, 18-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар