ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун акыркы IV туру башталды

Бүгүн 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуунун IV туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 24-январь саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 25-январда саат 09:00го чейин жайгаштырылат.

Кабыл алууга сунушталган абитуриент окууга болгон каалоосун 27-январь саат 16:00гө чейин тастыктоосу керек.

Эскерте кетсек, абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун I туру 2023-жылдын 25-декабрында башталган.

10:04, 22-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар