Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында турак үйдөн өрт чыкты

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, өрт шаардын Алиев көчөсүндөгү эки кабат үйдөн саат 19:42лер чамасында чыккан. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө эки күжүрмөн эсеп тартылып, өрт толугу менен саат 21:54тө өчүрүлгөн.

Бактыга жараша өрттөн жабыркагандар жок.

11:13, 11-11-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар