Бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Шектүү кармалды

Ысык-Ата районунда сегиз күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 22 жаштагы кыз киши колдуу болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада милицияга аял арыз жазып, кызы 18-февралга караган түнү үйдөн чыккан боюнча дайын-дареги жок болуп жатканын айткан.

"Кыз таанышы менен жолугуп, ортодо жаңжал чыкан. Жигит кызды сабап, бут кийимдин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Сөөгүн болсо талаага алып барып, көөмүп салган", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип 21 жаштагы жигит кармалганы кошумчаланды.

10:55, 26-02-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар