Токмокто 74 жаштагы аялдын жансыз денеси көчөдөн табылды
Токмокто 74 жаштагы аялдын жансыз денеси көчөдөн табылды
Кечээ, 2-апрелде Токмок шаарындагы көчөдөн 74 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы Кактус медиага билдирген.
Маалыматка караганда, аялдын денесинде эч кандай жаракат болгон эмес. Өлүмдүн алдын ала себеби боор циррозу болушу мүмкүн. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Каза болгон адам 1951-жылы туулган Т.Л.А. экени аныкталган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.