“Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды

Коргоо министрлигине караштуу “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси кармалды

Ал коррупцияга шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, «Аскер курулуш» ишканасынын кызматкерлери Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, Кочкор райондук аскер комиссариатынын эски имаратын жарактан чыгарууга кеткен чыгымды кымбаттатып жиберишкен.

Анын кесепетинен Мамлекетке 3,3 миллион сом зыян келтирилген, дейт көзөмөл орган. «Аскер курулуш» ишканасынын жетекчиси менен бирге мамлекеттик ишкананын башкы энергетики жана дагы бир кызматкери кармалды.

14:13, 27-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар