Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасында үч жаңы RestPoints ачылды. Алар Кемин, Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларында курулду. Жомок каньонунун кире беришинде Фонддун жардамы менен Royal Gate глемпинг аянтчасы пайда болду.
"Өлкөнүн ар кайсы аймактарында 18 жаңы экожолдор курулду. Маалыматтык навигациялык долбоорго ылайык, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облустарында туристтик жол белгилери орнотулду. Фонддун демилгеси жана жигердүү катышуусу менен чет элдик жарандарды онлайн каттоо башталды. Фонд 17ири эл аралык көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын атынан чыгып, 14 улуттук стенддерди уюштуруп, аларга 137 ата мекендик туроператорлор катышкан. Быйыл Тарых музейинин имаратына көчүп келген “БОСОГО” туристтик борбору, туристтерге дээрлик 10 миң бетме-бет, 40 миңге жакын телефон аркылуу консультация өткөрдү",-деп билдирди Туризимди өнүктүрүүнү колдоо фондунун маалымат кызматы.